Жер жүзүнүн эң сулуу кызы аныкталды. Селкинин сүрөттөрү

Сулуулук сынагын жеңип алган бийкеч 21 жашта. Бул конкурска кыздар дүйнө жүзүнүн булуң-бурчунан катышты.
Sputnik

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. "Жер жүзүнүн сулуусу" сынагында баш байгени Пуэрто-Рико өлкөсүнөн барган Нэллис Пиментель жеңип алганын РИА Новости билдирди.

Аталган сынак 26-октябрда Филиппинде өткөн.

Жер жүзүнүн сулуусу аталган бийкеч 21 жашта. Ал учурда студент, жогорку окуу жайда психология багытында окуп жатканы белгилүү болду.

Экинчи орунду алган АКШлык Эмани Дэвиске "Аба сулуусу" наамы ыйгарылды. Үчүнчү орунду ээлеген чехиялык Клара Ваврушкова "Суу сулуусу" аталды. Ал эми төртүнчү орунга татыган белоруссиялык модель Алиса Манинокко "От сулуусу" титулу берилди.

"Жер жүзүнүн сулуусу — 2019" Бириккен Улуттар Уюму тарабынан жыл сайын өткөрүлгөн Филиппиндеги эң ири сынактардын бири. Ага дүйнөнүн айжаркын, чүрөк деген кыздары катышат. Негизи идеясы — коомчулуктун көңүлүн курчап турган чөйрөнү жана жандуу жаратылышты коргоого буруу.