БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Улуттук баскетбол ассоциациясынын (NBA) эң узун оюнчусу, 23 жаштагы Тако Фолл шыпты сүзүп алгандан кийин баш мээси чайкалып ооруканага түштү. Бул тууралуу The Guardian жазып чыкты.
Спортчунун бою 231 сантиметрге жетет, ал "Бостон Селтикс" клубунда борбордук оюнчу.
Фолл 24-октябрда өткөн сезондун биринчи беттешине чыккан эмес. Командасы жеңилүүгө дуушар болуп, баскетболчунун жоктугуна күйөрмандары менен ЖМК тынчсыздана баштаган. Спортчу ошондон кийин гана жаракаты тууралуу айтууну туура көргөн.
Көрсө Фолл кезектеги машыгуусунан кийин колун жууп жатып, жазылып турганына карабай жапыз шыпты катуу сүзүп алган. Ага көп деле маани бербей, бассейнге жөнөгөн. Эртеси саламаттыгы начарлап, баш мээси чайкалышы мүмкүн деген шек менен ооруканага түшүп калганы белгилүү болду.