Рафаэль Физиев UFC турниринде биринчи ирет жеңишке жетти. Видео

Кыргызстандык менен америкалык мушкер жеңил салмактагы категорияда (70,3 килограммга чейин) беттешти.
Sputnik

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC Fight Night 162 турниринде америкалык Алекс Уайт менен беттешип жеңишке жетти.

​Аталган уюмдун октябрь айындагы акыркы турнири бүгүн, 26-октябрда, Сингапурдагы Singapore Indoor Stadium стадионунда өттү. Кеченин башкы беттешинде орто жеңил салмактагы Бен Аскрен менен Демин Майей кез келет.

​Кыргызстандык менен америкалык мушкер жеңил салмактагы категорияда (70,3 килограммга чейин) беттешти.

Физиев UFC уюмунун турнирине үстүбүздөгү жылдын апрель айында биринчи жолу катышкан. Санкт-Петербургдагы мелдеште ал россиялык Магомед Мустафаевге жеңилип калган. Экинчи ирет ал бразилиялык Алекс Сильва менен Уругвайда беттешмек, бирок бутунан жаракат алып калгандыктан катышпай калган.