Россиялык Бутина Америкадан мекенине кайтып келди. Кызды түрмөдөн бошотушту

Мария Бутинаны былтыр июль айында кармап, 18 айга кесишкен. Бутинанын абактагы мөөнөтү 5-ноябрда аяктамак, бирок эртерээк бошоду.
Sputnik

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Америкадагы түрмөдөн бошогон россиялык жаран Мария Бутина отурган учак Шереметьево аэропортуна келип конду. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Кыз SU 111 каттамы менен учуп келди. Жолдо ал журналисттерге биринчи иретте үйүнө кайтып жана ага колдоо көрсөткөн бардык элге рахмат айткысы келгенин билдирди.

Аэропорттон Бутинаны Барнаулдан келген атасы тосуп алды.

Бутинанын иши

Мария Бутинаны былтыр июль айында "чет элдик агенттер менен мыйзамсыз иш кылуу максаты болгон" деген шылтоо менен кармап, 18 айга кесишкен.

Ал күнөөлүү экенин моюндаган. Себеби мындай кадамга барбаганда ал көп жылдарга кесилип кетиши ыктымал болчу.

Бутинанын абактагы мөөнөтү 5-ноябрда аяктамак, бирок ал 10 күн эртерээк бошоду.