Сүйүнчү! Авазбек Аманбеков кикбокс боюнча дүйнө чемпиону болду

Аманбековдон сырткары, дагы бир кыргызстандык Аброр Хакимов коло медаль утту. Ал 67 килограммга чейинки салмак категориясында беттешкен.
Sputnik

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Авазбек Аманбеков кикбокстун WAKO версиясы боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына башкы машыктыруучу Тахир Марасулов билдирди.

Рафаэль Физиев UFC турниринде биринчи ирет жеңишке жетти. Видео
Дүйнөлүк биринчилик Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында өттү. Ага 58 мамлекеттен келген 754 спортчу катышты.

Аманбеков 57 килограммга чейинки салмак категориясында беттешти. Ал финалдык мелдеште түркиялык спортчуну 3:0 эсебинде жеңип алды.

Андан сырткары, кыргызстандык Аброр Хакимов коло медаль утту. Ал 67 килограммга чейинки салмак категориясында беттешкен.