Чүйдө 17 жаштагы кызды бир жумадан бери издеп жатышат. Сүрөт

Жоголгон кыздын бою 168-170 сантиметр, көздөрү бүтүк, эрининде калы бар. Үстүндө кызыл-жашыл түстөр аралаш кардиган, көк түстөгү көйнөк, жинсы шым болгон. Кара түстөгү спорттук бут кийимчен кеткени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда сегиз күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы Кундуз Кубатбек кызы изделүүдө. Бул тууралуу Чүй милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Чүйдө 17 жаштагы кызды бир жумадан бери издеп жатышат. Сүрөт

Ал 17-октябрь күнү Ивановка айылындагы үйүнөн саат 7.30да чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Милиция жоголуп табылган франциялык саякатчы менен баарлашты. Сүрөт
Белгилери: бою 168-170 сантиметр, көздөрү бүтүк, эрининде калы бар. Үстүндө кызыл-жашыл түстөр аралаш кардиган, көк түстөгү көйнөк, жинсы шым болгон. Кара түстөгү спорттук бут кийимчен кеткен.

Кыздын кайда экенин көрүп билгендер Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 0 (312) 61-69-07,  0 (707) 25-79-02 номерлери аркылуу же 102 кызматына чалса болот.