БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Бишкекте 15-ноябрдан тарта муздак суу менен канализацияны колдонуу тарифи жогорулайт.
Тийиштүү токтомду Бишкек шаардык кеңеши кабыл алды. Ал эми сунушту "Бишкек суу каналы" берген.
Ага ылайык, 1000 литр муздак суунун тарифи калк үчүн 8,10 сомго, ал эми канализацияны колдонуу — 2,30 сомго жогорулайт. Бюджеттик уюмдар үчүн таза суу 9,10 сомго, канализация 3 сомго көтөрүлөт. Башка колдонуучулар муздак суу үчүн 13 сом, канализация үчүн 6 сом төлөйт.
"Бүгүнкү күндө 1000 литр муздак суу үчүн жарандар 5,3 сомдон төлөшөт. Бирок суунун бул көлөмдөгү өздүк баасы 8 сомду түзөт. Ал эми канализация үчүн жарандар 1,20 сомдон төлөшсө, өздүк баасы 3 сомго чыгып кетип жатат", — дешти мэриядан.
Муниципалитет акыркы кезде "Бишкек суу канал" ишканасы чыгым тартып жатканын белгиледи. Маалыматка караганда, аталган ишкана 2017-жылы 94,2 миллион сом, 2018-жылы 89,8 миллион сом чыгым тарткан.