Абылгазиев: ЕАЭБ өлкөлөрү бири-биринин шартын түшүнүп иш кылышы керек

Жолугушуу Москвадагы "Сколково" инновациялык борборунда өттү. Жыйынга 10 мамлекеттен келген делегациянын өкүлдөрү катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөр бири-бирине шартташып иш кылуусу керек. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Москва шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинде айтты.

Анын пикиринде, мүчө өлкөлөрдүн экономикасын өстүрүү боюнча алгылыктуу иштер болуп жатат. Бирок ошону менен укуктук база, ички рыноктогу чектөөлөр сыяктуу тоскоолдуктар болуп келет.

"Бул маселе боюнча ачык диалог кылып, ишти позитивдүү нукка бурууну сунуштайм. Дүйнөлүк практикага караганда, биздики сыяктуу биримдиктерде бир өлкөнүн пайдасына гана чечим кабыл алынса, башка өнөктөштөр жабыркайт. Эгер биримдигибиз бекем болсун десек, өнөктөштөрдүн кызыкчылыктарын тебелебей, “шартташуу механизмин” колдонушубуз керек деп ойлойм”, — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчылардын жолугушуусу Москвадагы "Сколково" инновациялык борборунда болду.