Радио

Адылова: жашы жете электер арасындагы кылмыштуулук төмөндөп жатат

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын өспүрүмдөр менен иш алып баруу инспекциясынын башчысы Нуржан Адылова жаш балдардын арасында кылмыштуулук төмөндөп жатканын айтты.
Sputnik
Адылова: жашы жете электер арасындагы кылмыштуулук төмөндөп жатат

2018-жылы тогуз ай аралыгында өспүрүмдөр жасаган кылмыштардын саны 1271 фактыны түзсө, быйыл бул көрсөткүч 980ге кыскарды. Бул тууралуу Нуржан Адылова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди. 

Анын айтымында, жашы жете электер жасаган кылмыштардын басымдуу бөлүгү — уурулук фактылары.

"Учурда биздин инспекция өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту болтурбоо, анын алдын алуу жана профилактикалык иштерди күчөтүү багытында жигердүү аракеттерди жасап жатат. Ага ылайык, биз мектептерге барып маданий иш-чараларды, спорттук мелдештерди өткөрүү менен балдарды кылмыш жолунан алыс болууга чакыруудабыз. Мындай аракеттердин аркасы менен балдар арасындагы кылмыштуулук быйыл дээрлик 80-90 пайызга кыскарды. Былтыр тогуз айдын жыйынтыгы менен жашы жете электер катышкан 1271 кылмыш иши катталса, быйыл бул көрсөткүч 291 болду", — деди Адылова.

Маектеш бүгүнкү күндө жаш өспүрүмдөргө карата чоң кишилер жасаган зордук-зомбулук күчөп жатканын кошумчалады.