Кыздын кызык кыймылы. Зеленскийдин интервью учурундагы видеосу

Strana.ua басылмасынын боолголоосунда, мамлекет башчыны улам-улам карап жаткан караан — Украинанын маалымат катчысы Юлия Мендель.
Sputnik

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Интернет айдыңына Украинанын президенти Владимир Зеленский маек берип жаткан учурунда бурчтан улам-улам башын чыгарып карап, колун жаңсап жаткан кыздын карааны түшүп калган видео тарады.

Strana.ua басылмасынын боолголоосунда, мамлекет башчыны улам-улам карап жаткан караан — Украинанын маалымат катчысы Юлия Мендель.

Видеону Facebook колдонуучусу Дени Фетисов жарыялаган.

Кадрдан маек учурунда кыздын бурчтан башын чыгарып карап же кимдир бирөөгө колун жаңсап, төрт ирет чыга калганын көрүүгө болот.

Кыязы, Мендель мунусу менен журналистке маектешүүнү соңуна чыгарыш керек деген белги берген.