Петербург: эки ири жол кырсыгына кыргыз жарандары күнөөлүү болушу мүмкүн

Санкт-Петербургда бир күндө эки жол кырсыгы катталды. Биринчисинде кагышкан эки автоунаа элди аралап сүрүлүп кетсе, экинчисинде маршрутка менен трамвай кагышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Санкт-Петербургда 23-октябрь күнү эки ири жол кырсыгы катталды. Жергиликтүү ЖМКлардын жазышынча, жол кырсыгына кыргызстандык айдоочулар күнөөлүү болушу ыктымал.

РИА Новости агенттигинин маалыматына караганда, биринчи жол кырсыгында Renault менен Volkswagen үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкандан кийин элди аралап кетип, сегиз киши жаракат алган. Окуянын видеосу дагы бар, андан Volkswagen автоунаасынын айдоочусу кызыл жарыктан өтүп кетүүгө аракет кылганын көрүүгө болот.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматы боюнча, Volkswagen автоунаасын Кыргызстандын жараны айдап бараткан. Бирок ал жол кырсыгы боюнча эмес, каттоосу жок болгондуктан кармалган. Элчилик бул маселени көзөмөлгө алды.

Экинчи жол кырсыгында маршрутка менен трамвай кагышканын "Фонтанка" басылмасы жазды. Ага ылайык, маршрутка кызыл жарыкка карабай жолдон өтүп кетүүгө аракет кылган. Бирок жетишпей калып, трамвай маршрутканы капталга сүзүп, ал оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 15 киши ооруканага жеткирилген. ЖМКлар маршрутканы Кыргызстандын жараны айдап баратканын жазышууда.

Кыргызстандын элчилиги экинчи жол кырсыгы боюнча маалыматты тактап жатат.