Мухаммедкалый Абылгазиев Москвага учту. Кошо кеткендердин тизмеси

25-октябрда КМШнын өкмөт башчыларынын кеңеши өтөт, андан кийин Евразиялык экономикалык биримдиктин өкмөттөр аралык кеңеши болот.
Sputnik

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттердин жана КМШнын премьерлеринин жыйынына катышуу үчүн Москвага учуп кетти.

25-октябрда КМШнын өкмөт башчыларынын кеңеши өтөт, андан кийин Евразиялык экономикалык биримдиктин өкмөттөр аралык кеңеши болот.

Кыргызстандын делегациясынын курамы:

  • премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев;
  • вице-премьер Жеңиш Разаков;
  • экономика министри Санжар Муканбетов;
  • Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов;
  • Кыргызстандын Белоруссиядагы элчиси Эрмек Ибраимов;
  • Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов;
  • өкмөттүн ЕЭАБ иштери боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков;
  • өкмөттүн аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков;
  • Кыргызстандын КМШнын Экономикалык кеңешинин экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • Улуттук банктын төрагасынын орун басары Айнура Тезекбаева.