Айдоочулардын эсине! Бишкектеги Москва көчөсүнүн бир катар бөлүгү жабылды

Мэрия айдоочуларды унаасын Москва көчөсүнө калтырып кетпөөгө чакырат. Манас проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде эвакуатор нөөмөттө турат.
Sputnik

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкектеги Москва көчөсүнүн Исанов, Логвиненко жана Панфилов менен кесилишкен бөлүгү убактылуу жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда жолдун аталган бөлүгүндө оңдоо иштери жүрүп жатат.

"Ремонт иштери күндүз гана жасалат. Себеби асфальтбетон заводу эртең мененки саат 8.00дөн кечки саат 18.00гө чейин гана иштейт. Мындан тышкары, түнкүсүн аба ырайынын температурасы төмөндөп кетет дагы, асфальттын сапатын начарлатат", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия айдоочуларды унаасын Москва көчөсүнө калтырып кетпөөгө чакырат. Ошондой эле Манас проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде эвакуатор нөөмөттө турганын эскертишти.