Радио

Табылдиев: кышында жолго себилчү каражатты сатып алууга акча жетишсиз

Жол чарба департаментинин көзөмөлдөө, камсыздоо жана кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы Нуралы Табылдиев кыш мезгилинде жолдорго себиле турчу инерттик материалдарга бөлүнгөн 150-160 миллион сом жетишсиз экенин айтты.
Sputnik
Табылдиев: кышында жолго себилчү каражатты сатып алууга акча жетишсиз

Эсептөөлөр боюнча кышкысын өлкө аймагындагы бардык жолдорго реагенттерди толук чачыш үчүн инерттик материалдар кеминде 200-220 миллион сомго алынышы керек. Бул тууралуу Нуралы Табылдиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Ал жолго себиле турган реагенттер техникалык туз, кум, кум шагыл аралашмасы жана шлактан турарын айтты. 

"Реагенттерди сатып алууга жыл сайын 150-160 миллион сомдун тегерегинде акча бөлүнөт. Бирок бул каражат жетишсиз. Анткени иш жүзүндө 200-220 миллион сомдун айланасындагы инерттик материалдар талап кылынат. Ал жетиштүү көлөмдө топтолбогондуктан реагенттерди себүү иштери дээрлик 20 пайызга төмөн аткарылат", — деди Табылдиев.

Ошондой эле ал кар тазалоочу техникалар да эскирип, айрымдары керектен чыгып жатканын кошумчалады.