Кыргызстанда ачыла турган МГУ филиалынын курулушу башталат. Эскиз

Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу жазында Бишкекте өткөн Россиянын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумунда макулдашылган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алып, эки өлкөнүн билим берүү жаатындагы өз ара кызматташууну талкуулашты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар Ош шаарында ачыла турган Москва мамлекеттик университетинин филиалынын иштөө шарттары, окуу жайдын имараты тууралуу жагдайларды сүйлөшүштү.

МГУ филиалынын ушу кезге чейин ачылбай келген себеби белгилүү болду
Министр элчини Ломоносов атындагы университеттин филиалынын архитектуралык долбоору менен тааныштырып, имараттын курулушу бир айдын ичинде башталаарын айтты. Исаков окуу жайда колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты адистиктери боюнча студенттерди окутуу максаттуу экенин белгиледи. Мындан сырткары, Москва мамлекеттик университетин аяктаган окутуучулардын, илимий даражалуу адистердин реестри түзүлгөнүн кошумчалады.

Өз кезегинде Николай Удовиченко кыргызстандык студенттер үчүн Россиядагы университеттерде берилип жаткан квотаны көбөйтүү керектигин айтты.

Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу жазында Бишкекте өткөн Россиянын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумунда макулдашылган.