Казакстандан Кыргызстанга күн сайын 100 тонна бензин агып келип турган түтүк табылды

Учурда мамлекетке канча чыгым келтирилгени жана бул ишти уюштурууга катышкан мамлекеттик органдардын кызматкерлери такталып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандын коңшу Казакстан менен чектешкен жеринде жайгашкан Кең-Булуң айылында күйүүчү май агып келчү жерге көмүлгөн түтүк табылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) билдирди.

Үч чакырымга созулган бул түтүк аркылуу Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү май аткезчилик жолу менен жөнөтүлчү. Аны бул жактан тосуп алып, мыйзамсыз жол менен сатышчу.  Алдын ала маалыматтарга караганда, ал аркылуу  күнүнө 100 тоннадан май агып келчү. 

Мындан тышкары, күйүүчү майды тосуп алып, топтоочу жана аны куйган идиштерди сактоочу жай табылды.

Учурда мамлекетке канча чыгым келтирилгени жана бул ишти уюштурууга катышкан мамлекеттик органдардын кызматкерлери такталып жатат.