Бишкек — Ош жолуна узундугу 460 метрге жеткен галерея курулат. Сүрөт

Долбоор Япониянын эл аралык кызматташуу агенттиги JICA тарабынан каржыланат. Гранттын суммасы үч миллиардга жакын сомду түзөт.
Sputnik

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкек — Ош жолуна узундугу 460 метрге жеткен галерея курулат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Курулуш жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн жана жолду кар көчкүсүнөн сактоо максатында ишке ашырылат.

Галерея Чычкан капчыгайынын 246-чакырымына курулат. Долбоор Япониянын эл аралык кызматташуу агенттиги JICA тарабынан каржыланат. Гранттын суммасы 2,74 миллиард сомду түзөт. Башкы подрядчы — япониянын Dainippon-Iwata Chizakijv ишканасы.