Акаев: премьер кылмышты саясатташтырбагыла дегиче дагы бир ишкерди өлтүрүп кетишти

Депутат соттор менен милиция кылмышкерлерди кармап барып түрмөгө отургузгандан кийин алар бир-эки жылга жетпей чыгып кетип жатканына токтолуп, соттордун да ишин көзөмөлдөө керектигин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев криминал баш көтөрүп, ишкерлердин коопсуздугу курч маселе болуп жатканын айтканы менен өкмөт башчы бул маселени "саясатташтырбагыла" деп жооп бергенине ачууланды.

"Кечээ мен ишкерлердин коопсуздугу, криминалдын күчөшү, Кыргызстандан чыгарылып жаткан акчалар тууралуу парламентте сүйлөсөм, өкмөт башчы мага "маселени саясатташтырбагыла" деп жооп бериптир. Урматтуу өкмөт башчы, мага жооп берип актаныштын, далилдештин кереги жок! Премьер "мамлекетибиз күчтүү, силерди коопсуз кармайбыз, силер үчүн бүт мыйзамды иштетип коопсуздугуңарды сактайбыз" деп элге, жарандарга жооп берсин", — деди ал.

Акаев депутаттар коомдогу көйгөйдү ачык айтып чыгышы керектигин белгиледи.

Криминалга эмес, милицияга кайрылгыла! Абылгазиев ишкерлерге кеңеш берди
"Саясат болуп жатат деп парламентте такыр сүйлөбөй коёлубу? Биз маселени айтып турушубуз керек, "ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт" дейт. Маселени ушул жерден козгоп, айтып турбасак болбойт. Биз оозубузду жыйгыча акча ташыган дагы бир ишкердин сөөгү мына кечээ кечинде аэропорттон өзүнүн машинасынын багажынан табылып жатат. Биз бул жакта криминал, кылмыш дүйнөсү баш көтөрдү деп оозубузду жыйгыча ушундай каргашалуу окуя болуп кетти", — деди Акаев.

Депутат соттор менен милиция кылмышкерлерди кармап барып түрмөгө отургузгандан кийин алар бир-эки жылга жетпей чыгып кетип жатканына токтолуп, соттордун да ишин көзөмөлдөө керектигин белгиледи.

Эске салсак, "Мадина" базарында соода кылган ишкер 4-октябрда базардан чыккан боюнча дайынсыз жоголуп, бир нече күндөн кийин сөөгү Кочкор районунан табылган. Маркумду жолдун жээгине көмүп коюшкан.

Ал эми 22-октябрда 39 жаштагы киши да үйүнөн аэропортту көздөй чыккан боюнча дайынсыз болуп, сөөгү аба майдандагы автоунаа токтотуучу жайдагы машинанын багажынан табылган. Айрым ЖМКлардын жазышынча, маркум акча ташып иштечү.