БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Аптанын бешинчи күнү, 25-октябрда, республикада жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Күндүн табы Чүй жана Талас аймагында +15 ... +20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +19...+24, ал эми Ысык-Көлдө +13...+18, Нарын жергесинде +10... +15 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаабайт. Абанын температурасы борбор калаада +18 ... +20, Ошто +21... +23 градус болору маалымдалды.