Жээнбеков Япониянын премьери менен биринчи жолу жолукту

Жээнбеков кичи жана орто ишкердиктин потенциалын белгилеп, өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты активдештирүүгө кызыкдарлыгын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен жолукту. Алар Кыргызстанга инвестиция жиберүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеп кылышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын башчысы Японияда жумушчу сапары менен жүрөт. Ал кечээ күнү Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты.

Нөшөрлүү Токио. Жээнбеков япон императорунун такка отуруу аземине катышты. Видео
Токиодогу жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Абэ парламенттер ортосундагы мамилелер, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу тармактарында Кыргызстан менен өнүгүп жаткан байланыштарды колдой турганын белгиледи. Ал ошондой эле багыттар боюнча, анын ичинде жогорку сапаттуу технологиялар чөйрөсүндө кызматташууну активдештирүүгө даярдыгын кошумчалады.

Жээнбеков болсо кичи жана орто ишкердиктин потенциалын белгилеп, өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты активдештирүүгө кызыкдарлыгын айтты.

Ал япон компанияларынын Кыргызстанда бизнес-долбоорлорду ишке ашырууга болгон кызыгуусун канааттануу менен баса белгиледи. Жээнбеков Япониянын премьер-министринин көңүлүн Кыргызстандын гидроэнергетикалык чоң потенциалына бурду.

Жээнбеков Япониянын премьери менен биринчи жолу жолукту
"Бизде кичи гидроэлектростанцияларды курууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Энергетика тармагында кызматташууну өнүктүрүү максатында жакынкы убакта Японияга тиешелүү делегацияны жөнөтүүгө даярбыз", — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчы Синдзо Абэни ага ыңгайлуу болгон убакта Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.