Радио

Дарыгер: сасык тумоого кабылбаш үчүн туура тамактануу зарыл

Үй-бүлөлүк дарыгер Элмира Астанова жаз, күз мезгилинде сасык тумоого чалдыкпаш үчүн эмнелерге көңүл буруу керектигин айтып берди.
Sputnik
Дарыгер: сасык тумоого кабылбаш үчүн туура тамактануу зарыл

Тамеки чекпей, спорт менен машыгып, спирт ичимдиктеринен алыс болгон адамдар жаз, күз мезгилинде күчөгөн сасык тумоого чалдыгышпайт же ооруган учурлары сейрек кездешет. Канчалык жөнөкөй угулганы менен булар чынында  илдеттен алыс болуунун майнаптуу жолу.  Бул тууралуу Элмира Астанова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, респиратордук илдеттин алдын алууда туура тамактануу да өтө маанилүү.

"Жыл сайын жаз, күз мезгилдеринде сасык тумоо күч алат. Аны менен адатта адамдардын бардыгы, айрымдары 2-3 ирет ооруп чыгышат. Бирок мындай эпидемияга кабылбай, сезондон соо чыгып кеткендер да болот. Алар - спорттук көнүгүүлөрдү жасап, тамеки, спирт ичимдиктеринен алыс болуп, сергек жашоодо жүргөндөр. Мындай адамдар ооруп калган учурда да илдет жеңил өтүп кетет. Ошондой эле организмди респиратордук оорулардан оолак кармоодо туура тамактануу да маанилүү. Өзгөчө эртең менен белокторго бай азыктар менен тамактануу керек. Жаз-күздө жашылча-жемиштерди жегенди көбөйтүү зарыл", — деди Астанова.

Дарыгер сасык тумоо аба аркылуу жуккандыктан ал күчөп турган учурда беткап кийип алуу менен ден соолукка кам көрүүнү сунуштады.