Миңден ашуун атчан! Рамзан Кадыров Россиянын рекорддор китебине кирди

Россияда рекорд койгонун далилдеген сертификат 22-октябрда Чеченстандын спорт министри Муса Ханариковго тапшырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров эң көп сандагы атчандарды чогултуп, Россиянын рекорддор китебине кирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, сертификат кечээ, 22-октябрда, аталган китептин 7 жылдыгына карата өткөн иш-чарада Чеченстандын спорт министри Муса Ханариковго тапшырылган.

"Чеченстандын президенти Россиянын субъектисинин башчысы катары бир жылда алты жолу рекорддук сандагы атчандарды чогулта алды", — деп айткан Россиянын рекорддор китебинин башкы редактору Станислав Коненко.

Ушул жылдын апрель айында Россиянын рекорддор китеби Рамзан Кадыров жол баштаган 1200дөн ашуун чабандестин атчан жүрүшкө улуттук кийимчен чыгып рекорд койгонун каттаган.