БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Group-IB компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Илья Caчкoв РИА Новостиге берген маегинде банктын кардарларынын эсебинен акча уурдоонун жаңы ыкмасы тууралуу кабарлаган.
"Кылмыштын жаңы схемасы банктын кардарларынын уюлдук телефонун алыста туруп башкарып, акчасын алып алууга мүмкүн болгон программаны көчүрүп алууга мажбурлайт", — деген Сачков.
Аталган алдамчылыктан жапа чеккен банктар ай сайын 6-10 миллион рублдан кол жуушу ыктымал.
Сачков Secure Bank системасы ай сайын аталган ыкма менен миңден ашык кишинин эсебинен акча алууга аракет кылган схеманы каттоого аларын айтты.