Атамбаевдин экс-президент макамы боюнча иш эртең каралмай болду

Арыздануучулардын айтымында, экс-президент макамынын алынышы бир катар эл аралык документтерге туура келбейт.
Sputnik

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Конституциялык палата Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратылышы Баш мыйзамга туура келер-келбеси боюнча чечимин чыгарууга жетишпей калды.

Беш депутат жана КСДПнын эки өкүлү Атамбаевдин экс-президент макамынын алынышына жол берген мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү карап чыгуу өтүнүчүн Конституциялык палатага жолдогон.

Арыздануучулардын айтымында, макамдын алынышы Баш мыйзамга, бир катар эл аралык документтерге, анын ичинде адам укуктары боюнча жалпы декларацияга туура келбейт.

Кол тийбестиктин алынышы

Атамбаевдин экс-президент макамын караган коллегия бир судьяны курамдан чыгарды
13-июнда Жогорку Кеңеште Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча атайын комиссия түзүлүп, ал мурдагы президенттин алты кылмыш ишине тийиштиги бар болушу ыктымал деген корутунду чыгарган. Парламент бул корутундуну 20-июнда колдоп, аны Башкы прокуратурага жолдогон. 25-июнда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов алты иштин бешөөсү боюнча кылмыш козгоого негиз бар экенин билдирип, Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан.

Бирок Алмазбек Атамбаев парламенттин мындай чечимин Конституциялык палата карап чыгышы керектигин айтып, тергөөгө күбө катары баруудан баш тартып койгон.

Мындан улам 7-8-августта Атамбаевди тергөөгө күч менен алып келүү үчүн Кой-Таштагы үйүнөн кармоо аракети болгон. Анын жүрүшүндө УКМКнын атайын даярдыктагы бир аскери каза болуп, бир нече адам түрдүү жаракаттарды алган.