Кыргызстанга тажрыйбаңар керек. Жээнбеков Япониядагы жаштар менен жолукту

Япониядагы кыргызстандыктар алган билимин, тажрыйбасын Кыргызстанда кеңири колдонууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө жана мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча каалоо-тилектерин айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Японияга болгон иш сапарынын алкагында ал жактагы кыргызстандыктар менен Токио шаарында жолукту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков Япониядан жакшы нерселерди үйрөнүп, кийин тажрыйбасын Кыргызстанда колдонууга умтулган мекендештер менен жолугуп жатканына кубанычта экенин белгилеген.

"Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү Япония менен кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар. Биз дагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалайбыз. Кыргызстандык жаштар Япониянын алдыңкы технологияларын, япон тилин, тарыхын жана маданиятын изилдеп жатканы кубандырат. Япониянын технологиялык жетишкендиктерин колдонуу, илим, билим берүү жана башкаруу тармактарында ийгиликтүү тажрыйбаны өздөштүрүү Кыргызстандын келечеги үчүн абдан маанилүү", — деди ал.

Кызматташууга рахмат! Жээнбеков Японияда ири корпорация жетекчиси менен жолукту
Мамлекет башчы кыргыз тарап Япон өкмөтүнүн кадрлардын кесипкөйлүгүн жогорулатуудагы жардамын жогору баалаганын, Японияга Кыргызстандан жыл сайын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер окууга келип турарын айтты.

Япониядагы кыргызстандыктар болсо алган билимин, тажрыйбасын Кыргызстанда кеңири колдонууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө жана мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча каалоо-тилектерин билдиришти.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.