Жээнбеков Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты

Иш-чарага президенттер, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дүйнөнүн 195 өлкөсүнүн элчилери катышты.
Sputnik

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Японияга болгон иш сапарынын алкагында өлкө императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Такка отуруу аземи Токио шаарындагы Император сарайында өтүп, Нарухито ант берди.

Иш-чарага президенттер, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дүйнөнүн 195 өлкөсүнүн элчилери катышты.

Жергиликтүү ЖМКлардын жазышынча, бул иш-чара Япониядагы эң ири азем болду.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.