Чакырылгандардын арасында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков болду. Азем сарайдын башкы залында өтүп, императордук наамы жана кызмат кылууга антын расмий кабыл алуу жарыяланды.
Иш-чарага мамлекет башчылары, түрдүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, аталган мамлекеттеги дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.
Японияда белгилешкендей, бул иш-чара Япониядагы императорду такка отургузуу боюнча уюштурулган эң ири азем болду.
Нарухито 59 жашта. 1960-жылы 23-февралда Токио шаарында туулган. Тактыдан 2019-жылы 30-апрелде баш тарткан Акихитонун улуу баласы. Атасы мурдагы император Акихито көзү тирүү кезинде эле бийликтен баш тартып, бул чечимин 2016-жылы эле билдирген. 2017-жылы Япония парламенти анын бийлигин уулуна өткөрүп берүү укугун мыйзамдаштырган.