Нарын шаарына кар жаады. Видео

Кыргыз гидрометеорология агенттиги бүгүн, 22-октябрда, Нарын жергесинде +11... +16 градус жылуу болорун кабарлаган.
Sputnik

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бүгүн таңда Нарын шаарына кар түшкөнүн аймактык кабарчы билдирди. 

Анын айтымына караганда, эртең менен кар лапылдатып жаап, саат 7.30дарда токтогон. Азыркы тапта жолдогу кар эрип кетип, тоо, талаалар аппак бойдон турат.

Анткен менен Кыргыз гидрометеорология агенттиги бүгүн, 22-октябрда, Нарын жергесинде +11... +16 градус  болорун кабарлаган.

Синоптиктер бул аптада айрым аймактарда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөрүн билдирген. Ал эми жуманын аягында күн ачык болору болжолдонду.