Өз мекенинде адам өлүмүнө шектелген чет элдик жигит Чүйдөн кармалды

Аны "Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү жайынан автоинспекторлор Россиянын мамлекеттик номери тагылган Toyota Prado автоунаасы менен өтүп бара жатканда кармашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Чүй облусунан өз мекенинде адам өлүмүнө шектелген Россиянын 21 жаштагы жараны кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Өз мекенинде адам өлүмүнө шектелген чет элдик жигит Чүйдөн кармалды

Аны "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү жайынан автоинспекторлор Россиянын мамлекеттик номери тагылган Toyota Prado автоунаасы менен өтүп бара жатканда кармашкан. Алар издөө салынган маалыматтардан улам ал адамдан кабардар болушкан.

Өз мекенинде адам өлүмүнө шектелген чет элдик жигит Чүйдөн кармалды

Алдын ала берген маалыматтарга караганда, шектүүнүн Россиядан чыгып кетип, Кыргызстандын аймагында жашырынып жүрүп, эми Казакстанга өтүүгө аракет кылганы айтылган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.