Красноярск: дамба жырылган жерден сейфке салынган алтын табылды

19-октябрда Россиянын Красноярск крайында дамба жырылган. Кырсык Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 05:00дө болгон. Анда эки жатакана суу алдында калган.
Sputnik

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Красноярск аймагында дамба жырылып, суу каптаган жерде иш алып барган куткаруучулар сейфке салынган 18 килограмм алтын тапты. Бул тууралуу РИА Новости Тергөө комитетине таянуу менен билдирди.

Красноярскидеги кырсык: жоголгондорду издөөгө аба ырайы тоскоол болуп жатат
Ыкчам-тергөө тобу сейфти ачып, ичинен атайын пломба коюлган алтындын 10 куймасын алып чыккан. Ошондой эле 14 баштыкка салынган концентрат тапкан. Алардын бардыгы буга чейин козголгон ишке кошумча далил катары алынды.

Сейфтин заводдордун бириндеги сууну сордургандан кийин чыккандыгы айтылды.

Эске салсак, 19-октябрда Россиянын Красноярск крайында дамба жырылган. Кырсык Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 05:00дө болгон. Анда эки жатакана суу алдында калган. Анын кесепетинин 15 киши каза болуп, 27 киши ар кандай жаракат алган. Беш жумушчу дайынсыз.

Тергөө комитети алтын казган жердеги сууларды тоскон дамба мыйзамсыз орнотулгандыгын аныктады.