Чокморовдун Бишкектеги эстелиги жаңысына алмаштырылат. Сүрөт

Болжол менен бир айдан кийин борбор калаада турган таланттуу инсан Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги жаңысына алмаштырылмакчы. Азыркы турган эстеликке элдин көбү нааразы болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Борбор калаада СССРдин эл артисти, сүрөтчү жана актер Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги жаңысына алмаштырылат. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Чокморовдун Бишкектеги эстелиги жаңысына алмаштырылат. Сүрөт

Постамент Чүй проспекти менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине 2017-жылы коюлган. Скульптор Алмаз Кожегуловдун колунан чыккан эмгек коомчулуктун көбүнө жаккан эмес, ал тургай бир катарлары Чокморовдун элеси таптакыр башкача болуп калгандыгын айтышкан.

Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонду эстеликти чыгармачыл тажрыйба катары кароого аргасыз болуп, актердун жаңы айкелин жасоого башка скульпторлорду караштыра баштаган.

Чокморовдун Бишкектеги эстелиги жаңысына алмаштырылат. Сүрөт

Жаңы эстеликти скульптор Азамат Абдрахманов менен архитектор Нурсейит Мамбетказиев жасады.

Сүймөнкул Чокморовдун кезектеги эстелиги 17-ноябрда кыргыз киносунун күнүнө карата орнотулат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.