БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү, 24-октябрда, саат 9:00дөн 17:00гө чейин Ала-Тоо-1 менен Ала-Тоо-2 конуштарында таза суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Суунун убактылуу, тагыраагы, сегиз саатка чейин жок болушунун себеби оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу экендиги айтылды.
Ага ылайык, таза суу Ара-Кол, Батыш, Улук-Тоо, Дмитров, Кызыл-Тоо көчөлөрүндө жок болот. Андан сырткары:
- № 82 мектепте;
- №43 бала бакчада;
- №14 милициянын аймактык пунктунда.
Суу убактылуу токтотулган мектептер менен бала бакчалар бул күнү иштебейт.
Мэрия шаардыктарды суу камдап алууга чакырды.