Бишкекте жаш хоккейчилер "Ак илбирстин кубогу" үчүн ат салышты. Сүрөттөр

Турнирдин ачылышына Хоккей федерациясынын, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин, ПРООНдун жана Спорт агенттигинин өкүлдөрү катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Борбор калаада хоккей боюнча биринчи ирет "Ак илбирстин кубогу" мелдеши өттү. Бул тууралуу ПРООНдун Кыргызстандагы байланыш боюнча бөлүмүнөн кабарлашты.

Турнир 21-22-октябрь күндөрү өттү. Шаардык муз аянтында "Алга-1", "Алга-2", "Алга-3", "Нарынские ястребы", "Кенешские пилоты" жана "КТЖ" командалары ат салышкан.

Спорттук иш-чаранын ачылышына Хоккей федерациясынын, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин, ПРООНдун жана Спорт агенттигинин өкүлдөрү катышкан.

"Мелдештин максаты — ак илбирсти сактоого үндөө. Беттештерден тышкары көрүүчүлөр менен жаш спортчуларга викторина, аквагрим (бетке сүрөт тартуу — ред.) боюнча мастер-класс жана оюнчук ак илбирстер менен фотосессия уюштурулду", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандык балбандар студенттер арасындагы дүйнө чемпионатына барат. Тизме
Мелдештин жыйынтыгында биринчи орунду "Алга-1" командасы, экинчини "Алга-2", ал эми үчүнчү орунду "Кенешские пилоты" командасы алган.

Маалыматта кыргызстандык хоккейчилер өлкөдөгү жана эл аралык чемпионаттарда "Ак илбирсти сактайлы" урааны менен катышып, аны коргоого үндөп келери айтылат.

Жыл сайын 23-октябрда Ак илбирстин эл аралык күнү белгиленип келет. 2013-жылы жаныбарды жана анын байырлаган жерин сактоо боюнча Бишкек декларациясы кабыл алынып, буга 12 мамлекет кол койгон.