Күрддөр америкалык аскерлерди помидор жана картошка менен урду. Видео

Күрддөрдүн Hawar жаңылыктар агенттиги Сириянын Камышлы шаарынын тургундары Американын өлкөдөн чыгып бараткан аскердик автоунааларына таш, помидор  жаадырып  жаткан видеосун жарыялады.  Бул туурасында РИА Новости жазды. 
Sputnik

Басылманын маалыматында жергиликтүү эл Түркиянын "Тынчтык булагы" операциясынын алдында Дональд Трамптын аскерлерин чыгарып кетүү боюнча чечимине ушундай реакция кылган.

"Күрддөр менен Дамаск түрк аскерлерине каршы туруу боюнча биргелешкен келишим түзүп, Сириянын президенти Башар Асад армиясын түндүк тарапка жыйнап күрддөрдүн шаарына алып барган",  — деп айтылган.

Сирияда согушкерлер камалган 12 түрмөнүн кароосуз калгандыгы айтылды
17-октябрда АКШнын вице-президенти Майк Пенс Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Сириядагы согушту токтотуу боюнча макулдашуу болгонун айткан. Түркия YPG (Жогорку күрд кеңешинин куралдуу түзүмү) күчтөрүнө 120 сааттын ичинде коопсуз жайга чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берип, чабуулду токтотору кабарланган.

Америкалык аскерлер чек аралаш аймактардан чыгып кетүүсүн улантууда.