Кызматташууга рахмат! Жээнбеков Японияда ири корпорация жетекчиси менен жолукту

Tokyo Rope MFG ишканасы учурда Бишкек — Ош жолунун бир бөлүгүндө көчкүгө каршы курулуштарды орнотуп жатат. Жакынкы мезгилде буга окшогон жумуштар аталган жолдун башка бөлүктөрүндө да башталмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Японияга иш сапарынын алкагында Токио шаарындагы Tokyo Rope MFG корпорациясынын башкы кеңсесине барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жээнбеков корпорациянын ишмердиги менен таанышып, анын төрагасы Шигето Танака менен жолугуп, инвестициялык кызматташтыктын келечеги тууралуу пикир алмашты.

Президент Tokyo Rope MFG жетекчилиги менен 2017 жана 2018-жылдары Бишкектеги жолугушууларда жетишилген макулдашуулардын баары бүгүнкү күндө ишке ашканын, Кыргызстанда корпорациянын кичи ишканасы ийгиликтүү иштеп жатканын канааттануу менен белгилеген.

"Бизнес инвестициялар бизге аба менен суудай керек. Биз Япония менен, сиздикиндей ири корпорациялар менен кызматташууга кызыкдарбыз. Япония бизге көз карандысыздык алгандан бери көп жардам берди", — деген Жээнбеков.

Tokyo Rope MFG корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы Танака корпорациянын бүгүнкү күндө Казакстанда, Шри-Ланкада жана Филиппинде иш жүргүзүп жаткан Бишкек шаарындагы кичи ишканасынын ишмердигин кеңейтүү боюнча пландар менен бөлүшкөн.

Танака Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө корпорация кызыкдар экенин айткан.

"Биз заманбап, япон инновациялык технологияларын киргизүү жолу менен Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө өз салымыбызды кошкубуз келет", — деп белгилеген ал.

Бишкектеги Tokyo Rope MFG корпорациясынын кичи ишканасынын кызматкерлери аткарылып жаткан иштер жана жакынкы келечекке болгон пландар тууралуу айтып беришкен.

Сооронбай Жээнбеков Японияга кадимки каттам менен учуп барды. Видео
Корпорациянын кичи ишканасы Япония өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырат. Учурда Бишкек-Ош жолунун бир бөлүгүндө көчкүгө каршы курулуштар орнотулуп жатат. Жакынкы мезгилде буга окшогон жумуштар аталган жолдун башка бөлүктөрүндө да башталат.

Жээнбеков Кыргызстандын тоо-кен инженерлерин даярдап чыгарганы жана Бишкектеги кичи ишкананын кызматын кеңейткендиги үчүн "Tokyo Rope MFG" жетекчилигине ыраазычылык билдирип, бул багытта иш-аракеттерди улантуу маанилүү экенин белгиледи.

Tokyo Rope MFG — дүйнө жүзү боюнча жогорку технологиядагы болот аркандарды чыгаруучу ири ишканалардын бири. Корпорациянын Бишкек шаарындагы кичи ишканасы 2017-жылы ачылган.

Хотите узнавать раньше самые интересные и важные новости?
Подписывайтесь на наш Telegram-канал