Ашык жүккө акча төлөгүсү келбеген турист кыз акыры айласын тапты. Сүрөт

Гель Родригес аттуу турист кыз учакка отурарда төрт шым, беш кофта жана үч күрмө кийип алып бир топ жүдөгөнүн, бирок акчасын үнөмдөп калганын айтты. 
Sputnik

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Филиппиндик турист Гель Родригес аэропортто ашыкча жүк үчүн акча төлөгүсү келбей, өзүнүн кийим-кечегин алып кетүүнүн башка жолун ойлоп тапкан. Анын амалкөйлүгүнө The Mirror басылмасы көңүл бурду.

Кыз каттоодон өтүү үчүн барганда кызматкер анын кол жүгү жети килограммдан ашып кеткенин айткан. Ошол замат ал чемоданын ачып, кийимдерди каттап-каттап кие баштаган.

Жыйынтыгында Родригес  төрт шым, беш кофта жана үч күрмө кийип, чемодандын салмагын 2,5 килограммга азайткан.

Аягында ал ошол кебетеси менен сүрөткө түшүп, социалдык тармактарга жүктөгөн. Туристтин мындай амалы көпчүлүккө жакты.

Родригес өзү кабаттап кийинип алып жүдөгөнүн, бирок бир топ акчасын үнөмдөп калганын жазды.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.