БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Аба ырайы сууктап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Андыктан тоолуу аймактарга жолго чыгып жаткан айдоочулар төмөнкү сунуштарды эске алуусу керек:
- ӨКМдин Гидрометеорология агенттигинин аба ырайы жөнүндө маалыматын эске алуу;
- Тоолуу аймактардагы жолдор аркылуу айдап жатканда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо;
- Унааларга кышкы дөңгөлөктөрдү салуу;
- Аптечка, чынжыр жана чакан күрөк алып алуу.
Ошондой эле өзгөчө кырдаал болгон учурда 112 акысыз номерине чалыңыз.
Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.