БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. АКШнын футбол жана жеңил атлетика боюнча машыктыруучусу Кианон Лоу өзүнүн мээрими менен куралчан баланы кучактап, тынчтандырып, башка окуучуларды өлүмдөн алып калды. Бул туурасында ABC News телеканалы билдирди.
Ал күнү Энжел Гранадос-Диас мектепке октолгон мылтык көтөрүп келген. Аудиторияга куралчан кирип бара жатканда Лоу менен бетме-бет келип калган. Машыктыруучу 19 жаштагы баланы дүрбөлөңгө түшпөй, тынч эле сүйлөп кучактаган. Окуучу да жооп кылып, бекем кучактаган. Ошол учурда ары жактан шашкалактап чуркап келген дагы бир мугалим жулкулдатпай, баланын колунан мылтыкты акырын гана алып кеткен.
"Ал ирмемдерде баланын абалын аңдап билип, боорум ооруду. Көп учурда мындай куракта эмне кылып жатканыңды түшүнбөй калат эмессиңби", — деп айтып берген кийинчерээк Кинен Лоу. Коомчулук анын бул кадамын баатырдык деп баалаган.
Окуядан көп өтпөй полиция жетип келип, куралчан келген окуучуну камакка алган. Маалыматтарда Энжел Гранадос-Диастын акыл-эси ордунда эмес болгондугу айтылган.
Ал катуу жазаланган эмес. Куралды сактап жүргөндүгүн жана аны коомдук жайга алып кирген күнөөсүн мойнуна алгандыктан, шарттуу түрдө үч жыл эркинен ажыратылган.