Ишкерден акча доолады деген өкмөт аппаратынын жетекчи орун басары иштен четтеди

Бир катар ЖМКлар Бакыт Калмуратов менен Финполдун жетекчисинин орун басары Эмил Жамгырчиев аткезчилик жол менен келген канаттуулардын эти боюнча кылмыш ишин козгобоо үчүн бишкектик ишкер Эмир Эмилкановдон ири суммадагы акча талап кылганын жазган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратовду ээлеген кызматынан четтетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ишкерден акча доолады деген өкмөт аппаратынын жетекчи орун басары иштен четтеди

Абылгазиев териштирүү учурунда Калмуратовдун дарегине айтылган айыптоолор боюнча укук коргоо органдары адилет жана калыс тергөө жүргүзүшү керек деп эсептейт.

Кара-Суу: эмгек жамаатты нааразы кылган аткаминер иштен кетти
Эске салсак, бир катар ЖМКлар Бакыт Калмуратов менен Финполдун жетекчисинин орун басары Эмил Жамгырчиев аткезчилик жол менен келген канаттуулардын эти боюнча кылмыш ишин козгобоо үчүн бишкектик ишкер Эмир Эмилкановдон ири суммадагы акча талап кылганын жазган. Бул тууралуу маалымат быйыл март айында эле тараган. Ошондой эле ЖМКлар УКМКга шилтеме берип, тергөөчүлөр дагы ишкер Эмир Эмилкановдон жок кылына турган товарын кайтарып берүү үчүн 50 миң доллар сурашканын жазган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.