Башына кагаз үкөк кийгизип экзамен тапшыртып... Индиядагы сүрөттөр

Колледждин администрациясы студенттерге тажрыйба жасай коебуз деп өкмөт менен коомчулуктун каарына калгандыгын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Индиядагы колледждердин биринде студенттер башына картон үкөк кийип, экзамен тапшырган. Бул туурасында The Times of India басылмасы жазды.

Сынак учурунда тартылган сүрөт интернетке жайгаштырылгандан кийин дүйнөгө тарап кетти. Үкөктүн бир жагы төрт чарчы кылып кесилип, андан бала тапшырманы көрүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Көптөр мугалимдердин бул кадамы адамдыкка, педагогдукка жатпайт деген пикирлерин айтышты.

​Окуу жайдын директору тажрыйба катары жасалган кадам экендигин, мунун алдында студенттердин макулдугу алынгандыгын айткан. Анткен менен өкмөт мындай ыкманы токтотууга тапшырма берип, колледж жетекчисин жазалоого убада берди.