Кочкордон сөөгү табылган ишкердин өлүмүнө шектүүлөр тергөө абагына киргизилди

4-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан ишкердин сөөгү Кочкор районунда жерге жашыруун көмүлгөнү аныкталды. Анын өлүмүнө шектүү катары төрт киши кармалды.
Sputnik

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бишкектик ишкер Хуфур Абдурахеманды өлтүрдү деп шектелип кармалгандар тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Шектүү төрт кишини эки айга камакка алуу чечимин Свердлов райондук соту кабыл алган.

Шылдыңы өттү! Агасын өлтүрүп сөөгүн өрттөп ийди делген жигит көрсөтмө берди
Милициядан кабарлашкандай, Абдурахеман өткөн жумада жоголгон. Ал 4-октябрда саат 18:00дөр чамасында "Мадина" базарынан BMW X5 автоунаасы менен чыгып, белгисиз тарапка кеткен.

Ишкердин сөөгү Кочкор районунда кан жолдон 150 метр ары жерге көмүлгөнүн милиция аныктаган. Адам өлтүрүүгө шектүү катары төрт киши кармалып, күбөлөр да сурак берген. Кармалгандардын экөө укук коргоо органдарында мурда иштеп кеткен. Алардын бирөө адам өлтүрүүнү уюштурган деп шектелүүдө. Алдын ала берилген маалымат боюнча, маркум ишкердин "Мадина" базарында бизнеси болгон.

Милиция бул ишке катыштыгы бар башка шектүүлөрдү издөөнү улантууда.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.