Бишкектин айрым бөлүктөрүндө үч күн газ болбойт

"Газпром Кыргызстан" ишканасы борбор калаанын батыш тарабында оңдоо иштерин жүргүзгөнүнө байланыштуу көгүлтүр от өчүрүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Борбор калаанын чыгыш тарабында үч күн бою газ жок болот. Бул туурасында "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.

Анда 21-23-октябрь күндөрү оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөрү айтылган. 

Көгүлтүр от ал күндөрү Береговая, Новая, Мыскал, Садовая, Алтын-Бешик жана Коммунаров көчөлөрүндө болбойт.