Апта ирмеми: ак боз атчан президенттен кыргыз шумкарын алган королго чейин

Sputnik

Россиянын президенти Владимир Путин Сауд Аравияга мамлекеттик сапар менен барды. Ал королго Кыргызстандан алып барган "Альфа" деп аталган шумкарды тартуу кылды.

Чилиде метронун жол киреси кымбаттап, ага нааразы болгондор жаңжал чыгарды. Мунун кесепетинен үч адам каза тапты. Өлкөнүн президенти Себастьян Пиньера өзгөчө кырдаал жарыялап, кийинчерээк бийлик жол кирени жогорулатпай турган болду.

Жабылат экен. Дүйнөдөгү эң чоң түрмөнүн сүрөттөрү
Түркиянын күч органдары Сириянын түндүгүндөгү Күрдстан жумушчу партиясына жана "Ислам мамлекети" террордук уюмуна каршы операциясын баштады.

Ишемби күнү Красноярск крайынын (Россия) Сейба дарыясынын дамбасы жырылып кетти. Кырсыктын кесепетинен 15 адам набыт болуп, 14ү ооруканага түштү, беш жумушчу дайынсыз экени айтылды.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын корей эли үчүн ыйык деп эсептелген Пэктусан тоосуна ак боз ат менен чыгып келди.

Барселонада (Испания) нааразычылык акциясына чыккандардын аракети башаламандык менен аяктады. Митингдер Каталонияда Жогорку сот 12 саясатчыны "2017-жылы көз карандысыздык жөнүндөгү референдумду мыйзамсыз өткөрүүгө тиешеси бар" деп өкүм чыгаргандан кийин башталган.

Бразилиянын Сан-Паулу шаарында салтка айланган мода жумалыгы өттү.

1 / 17
Барселонанын көчөлөрүнө нааразычылык акциясына чыккандар.
Каталонияда жолдорду жабуу, темир жолдорду тосуу, митинг жана башаламандыктар 14-октябрда башталды. Буга Испаниянын Жогорку соту 12 саясатчыны 2017-жылы көз карандысыздык жөнүндөгү референдумду мыйзамсыз өткөрүүгө тиешеси бар деп өкүм чыгарганы себеп болгон. Ага ылайык, тогуз адам 9-13 жылга кесилип, үчөө күнөөлүү деп табылып айыпка жыгылган.
2 / 17
Колифорниянын (АКШ) Кардифф Стейт пляжынан тартылган кадр
3 / 17
Россиянын президенти Владимир Путин Сауд Аравияга мамлекеттик сапар менен барды. Ал королго Кыргызстандан алынган "Альфа" деп аталган шумкарды тартуу кылды.
4 / 17
Сириянын Рас-эль-Айн шаарындагы жолдун четинде турган аял. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Сириянын түндүгүндөгү Күрдстан жумушчу партиясына жана "Ислам мамлекети" террордук уюмуна каршы операция баштаганын жар салды. Ошол эле күнү эки өлкөгө чектеш жайгашкан бир нече аймакка авиациялык сокку урган.
5 / 17
Европа кубогунун тандоо турунун алкагында өткөн мелдеште "Локомотив-Куан" баскетбол командасын колдогон бийчи кыздар
6 / 17
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын иш сапары менен Самчжиён уездине барып, корей эли үчүн ыйык деп эсептелген Пэктусан тоосуна ак боз ат менен чыгып келди
7 / 17
Бразилиянын Белу-Оризонти шаарындагы зоопаркта баласын мойнуна отургузуп алган горилла
8 / 17
Чилидеги башаламандык учурунда таланып-тонолгон супермаркеттеги өрттөн үч адам каза болду. 6-октябрда метродогу жол киренин баасы жогорулап, эл нааразычылык акциясына чыкты. Өлкөнүн президенти Себастьян Пиньера Сантьяго жана Чакабуко провинцияларына өзгөчө кырдаал жарыялады. Бирок митингдер токтогон жок. Узаган ишембиде Чилинин бийлиги жаңы келишимдер иштелип чыкканга чейин жол кирени жогорулатпай турган болду.
9 / 17
Кытайдын Цзянси провинциясында тамак жей турган таякчаларды даярдоодо бамбуктарды кургатып жаткан учур.
10 / 17
Чоктой кызыл ай! Нью-Йорктун үстүнөн тартылган сүрөт.
11 / 17
Вьетнамдын Ханой шаарынын четинен таштанды чогулткан киши пластикти кайра иштетүүгө алып бара жатат
12 / 17
Италиянын сыр чыгарган заводунун жайытындагы койлор менен кичинекей козу
13 / 17
Индиянын от фестивалына даярданып петарда жасап жаткан жумушчу
14 / 17
Бразилиянын Сан-Паулу шаарындагы мода жумалыгында Фабиана Милаццо коллекциясын көрсөтүп жаткан модель
15 / 17
"Канад сфинкси" жана "эльф" тукумундагы мышыктар Москвадагы "Кошарики шоу" көргөзмөсүндө
16 / 17
Австриянын Циллерталь Альпы тоолорунда бара жаткан турист
17 / 17
19-октябрда эртең менен Красноярск крайынын (Россия) Сейба дарыясынын дамбасы жырылган. Кырсыктын кесепетинен 15 адам набыт болуп, 14ү ооруканага түштү, беш жумушчу дайынсыз экени айтылды.