Эксперттер жаңгактын эң пайдалуу түрүн аташты

Жаңгакта калий, магний, фосфор, темир жана башка пайдалуу элементтер бар. Бирок анын майлуу экенин эстен чыгарбаш керек.
Sputnik

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Арахис, миндаль, токой, грек, кедр жаңгактары эң пайдалуу азык болуп эсептелет. Мындай жыйынтыкты Россиядагы колдонуучулардын жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматтын (Роспотребнадзор) адистери чыгарган.

Адамдын мээсине пайдалуу азыктын беш түрү аталды
Аталган кызматтын расмий сайтында жазылгандай, жаңгактын бул түрлөрүн аз-аздан (35 граммга чейин) жумасына бир же эки жолудан жеп туруу керек.

Жаңгактын курамында калий, магний, кальций, фосфор, селен, марганец, никель, кобальт, В1, В2, РР, Е витаминдери, Омега-3 кислотасы дагы бар. Бирок анын майлуу экенин эстен чыгарбаш керек.

Жаңгакты көп жеген адамдын канындагы холестерин азаят. Кант диабети менен жабыркагандарга диетасына кошуп алуу сунушталат.

Кешью деп аталган жаңгак иммунитетти чыңдап, холестеринди азайтып, жүрөк-кан тамыр системасын жакшыртат;

Токой жаңгагы — онкологиялык оорулардын алдын алып, оор жумуш жасагандан кийин пайдалуу;

Грек жаңгагы — эске тутумду жакшыртып, кандагы холестеринди азайтып, кан тамырларын бекем кылат. Ошондой эле ич катып калганда да жардамы чоң;

Арахис — организмдин картаюсу менен күрөшүүгө жардам берип, эс тутумду жакшыртат;

Кедр жаңгагы — аялдардын организмине пайдалуу. Эненин сүтү көбөйүп, тери көйгөйлөрүнөн арылат;

Миндаль — ичеги-карындын иштешин жакшыртып, арыктоого жардам берет.