Өмүралиев атындагы шаардык театр Казакстандагы фестивалда сыйлыкка татыды

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстандын "Турон" театр-студиясынын, Тажикстандын Вахидов атындагы тажик мамлекеттик жаштар театрынын жана Казакстандан дагы төрт театрдын спектаклдери көрүүчүлөргө тартууланган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Казакстандын Жезказган калаасында режиссёр Жанат Хаджиев атындагы III эл аралык театр фестивалында Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры "Эң мыкты актёрлук ансамбль" номинациясына татыды. Бул туурасында аталган театрдын өкүлү маалымдады.

Жезказганда 15-октябрда башталган фестиваль ишемби күнү аяктаган.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстандан "Турон" театр-студиясы, Тажикстандан Вахидов атындагы тажик мамлекеттик жаштар театры жана Казакстандан төрт театр спектаклдерин көрүүчүлөргө тартуулаган. Ал эми Кыргызстандан Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык театры француз драматургу жана сценаристи Жан Ануйдун "Оркестр" пьесасынын негизинде коюлган "Сфорцандо" спектаклин алып барган.

Башында Сейдакматова менен Токтакунова турат. Жээнбеков 167 кишини сыйлады
Мындан сырткары, фестивалда бишкектик театрдын актрисасы Жайна Абдусалам кызы, үн режиссёру Азамат Турусбеков жана жарык берүүчүсү Екатерина Фильчина да сыйлыкка татыган.

Жанат Хаджиев – Казакстандын маданиятына эмгек сиңирген кызматкери, "Тарлан" сыйлыгынын лауреаты. 1972-жылы Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театр училищесин аяктап, сахнада көптөгөн образдарды жараткан. Эмгек жолун Жезказган театрында баштап, аталган жайда башкы режиссер болуп иштеп, кесипкөйлүгүн көтөрүп, эмгегин сиңирген. Андан сырткары, Ауэзовдун "Караш-Караш", "Карагөз", "Абай жолы", Таразинин "Кыздын махабаты", Вампиловдун "Первенец", Мүсиреповдун "Кыз Жибек", "Козу Көрпөш – Баян сулуу" сыяктуу спектаклдерин койгон.