Акыркы төрт жылда шаардын борбордук аймагына эле көңүл бурбастан чет жакадагы жаңы конуштарда бир топ иштерди аткардык. Бул тууралуу Аскат Карынбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, райондо расмий түрдө 240 миң жаран катталган. Ички миграцияны эске алганда 300 миңден ашык адам жашайт.
"Ленин районунда 13 конуш бар. Калктын саны көбөйдү. Буга байланыштуу мектеп, бала бакча жетишсиз болуп жатат. Жакында эле Ак-Ордого мектеп салынды. Эмдиги жылы Арча-Бешикте жаңы долбоор менен мектеп салынганы турат. Россиянын "Газпром" ишканасы Ак-Ордо, Арча-Бешик, Ак-Өргө жана Ала-Тоо конуштарына газ түтүктөрүн киргизип берди. Ал эми Ак-Ордо жана Арча-Бешикке канализация түтүктөрү орнотулуп жатат. Андан сырткары, "Бишкекасфальтсервис" менен биргеликте ички жана коомдук транспорт жүргөн жолдорго 2023-жылга чейин асфальт төшөп берүүнү пландап жатабыз", — деди Карынбаев.
Ал ошондой эле конуштарда жаңы поликлиника салуу үчүн тиешелүү документтер бүткөрүлүп, мэрия тарабынан жер берилгенин кошумчалады.