Өкмөт кыргыз-кытай мамилеси болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жеткенин айтты

Замирбек Аскаров жылда өтүүчү "Кытай – Борбор Азия кызматташтыгы" форумуна катышып, анын алкагында дагы бир катар маанилүү  жолугушууларды өткөрдү.
Sputnik

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кыргызстан Кытай менен эки тараптуу мамилелерди туруктуу өнүктүрүүгө чоң маани берет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Кытайдын Эл өкүлдөрү кеңешинин туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Шэнь Юэюэ айым менен жолугушуу учурунда билдирген.

Аскаров эки өлкөнүн кызматташтыгы ушул тапта буга чейин болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жеткенин айткан.

"Эки мамлекеттин башчылары тыгыз жана ишенимдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой  эле достук мамиледе. Быйыл апрель айында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кытайга барса, июнда Кытай төрагасы Си Цзиньпинь биздин өлкөгө мамлекеттик сапар менен келди. Бул жолугушууларда ар кыл багыттардагы кызматташуу боюнча макулдашууларга жетиштик. Эки өлкөнүн кызматташтыгы ушул тапта буга чейин болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге көтөрүлдү", — деген Аскаров.

Анын пикирин Кытайдын Эл өкүлдөрү кеңешинин туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Шэнь Юэюэ дагы бекемдеген.

Кытай тогуз айда 11 миллион жумушчу орун түздү
"Чындыгында бардык деңгээлдеги эки тараптуу ымала активдешүүдө. Кытай тарап "Бир алкак – бир жол" демилгесин жүзөгө ашырууга мындан ары да жардам болоруна ишеним артат", — деди Шэнь Юэюэ айым.

Белгилей кетсек, вице-премьер-министр Аскаров жылда өтүүчү "Кытай – Борбор Азия кызматташтыгы" форумуна катышып, анын алкагында дагы бир катар маанилүү  жолугушууларды өткөргөн. Анда айыл чарба, маданият, туризм, спорт сыяктуу маанилүү тармактардагы кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөр болгон.