Жабылат экен. Дүйнөдөгү эң чоң түрмөнүн сүрөттөрү

Sputnik

Райкерс (Нью-Йорк, АКШ) аралында жайгашкан 1932-жылы ачылган абакта 10 миңдей кылмышкер камалган. Анын ичинде абактан тышкары дүкөндөр, чачтарачкана, машыгуу залы жана билим алуу борборлору бар. Бул жерде айтылуу рэпер Тупак Шакур, Жон Леннонду өлтүргөн Марк Чепмен жана көбүнчө кыз-келиндердин өмүрүн алган Дэвид Берковиц жаза өтөгөн.

Түрмөнү жабууга ал жакта иштегендер тарабынан мыйзам бузуулар көп катталганы себеп болууда. Анын ордуна Бруклин, Квинс, Бронкс жана Манхэттенде абактарды куруу каралууда. Бирок буга ал аймактардын жарандары каршы чыгууда.

Райкерсти жаап, жаңы колонияларды курууга сегиз миллиард доллар сарпталганы турат.

1 / 18
Райкерс аралындагы абак
2 / 18
Бул дүйнөдөгү эң чоң түрмө, ага 10 миңдей кылмышкер камалган
3 / 18
Жакында аны жапканы жатышат
4 / 18
Анын ордуна Бруклин, Квинс, Бронкс жана Манхэттенде абактарды куруу каралууда
5 / 18
Бир кишилик камера
6 / 18
Ар бир соттолуучуга берилчү буюм жана кийим-кечелер
7 / 18
Соттолуучу Никос Алексис наабайканада иштейт
8 / 18
Абак кызматкери
9 / 18
Абактын ички жасалгасы
10 / 18
Наабайканада иштегеген жумушчулар
11 / 18
Темир тор артында турган кылмышкер
12 / 18
Абактагылар АКШлык ишкер Рассел Симмонстун сөзүн угуп отурат
13 / 18
Бул абакта жаза өтөгөн рэпер Тупак Шакурдун каты
14 / 18
Бул жерде айтылуу рэпер Тупак Шакур, Жон Леннонду өлтүргөн Марк Чепмен сыяктуулар жазасын өтөгөн
15 / 18
Сыйынуу бөлмөсү
16 / 18
Колонияны жабууга ал жакта иштегендер тарабынан мыйзам бузуулар көп катталганы себеп болууда
17 / 18
Жаңы салына турган абактын долбоору
18 / 18
Райкерстеги абактын асмандан көрүнүшү