Кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Келерки аптада айрым аймактарда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.
Sputnik

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кыргызгидрометтин божомолу боюнча кийинки аптада өлкөдө аба ырайы туруксуз болот.

20-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

21-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз дагы көпчүлүк аймактарда жамгыр нөшөрлөп жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Ноябрда аба ырайынын кандай болору айтылды
22-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы божомолдонууда. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым аймактарына жаан жааса, Ош облусунун тоолуу аймактарына жамгыр жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

23-24-25-26-октябрларда өлкөдө күн ачык болушу күтүлөт.