Россияда жырылган плотинадан жабыркаган кыргызстандыктар барбы? Элчиликтин жообу

Кырсыктан эки жатакана суу алдында калып, 13 адам каза болгон. Ошондой эле 44 киши жабыркап, 15и дайынсыз. Алдын ала маалыматтар боюнча, плотинанын эскилиги жеткендиктен жырылып кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Россиянын Красноярск аймагында плотина жырылып, анын кесепетинен бир нече киши каза болуп, дагы бир тобу жабыркады. Учурда Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кырсыктан жабыркагандардын арасында мекендештердин бар-жогун тактап жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигине элчиликтин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова кабарлады.

Кырсык 19-октябрда Бишкек убактысы боюнча таңкы 05:00дө болгон. Анда эки жатакана суу алдында калган. Алардын ар биринде 80дей адам болушу мүмкүн. Плотинанын жырылышынан 13 адам каза болуп, 44 киши жабыркаган, 15и дайынсыз болууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, плотинанын эскилиги жеткендиктен иштен чыккан.

Жеринде 300 куткаруучу, атайын техника жана авиация иштеп жатат.